Tarım ve Gıda Gazetesi

SON DAKİKA

22:40 - İçişleri Bakanlığı’nda Devlet Bakanı ile görüşme

22:40 - Meeting with the Minister of State at the Home Office

22:39 - В Амурской области при поддержке «Единой России» стартовал проект «Педагог с нашего двора»

22:39 - Bryansk’ta “Kentsel Çevre” parti projesinin desteğiyle Bryansk Cephesi askerlerine adanan askeri anıt güncellendi

22:10 - Halkın “Birleşik Rusya” programına ve ulusal “Demografi” projesine göre Primorsky Bölgesi Luchegorsk’ta modern bir kürek üssü inşa edildi

22:09 - Amur bölgesinde Birleşik Rusya’nın desteğiyle “Arka Bahçemizden Öğretmen” projesi başlatıldı

22:09 - В Брянске при поддержке партпроекта «Городская среда» обновили воинский мемориал, посвящённый воинам Брянского фронта

15:17 - Современную гребную базу построили в Лучегорске Приморского края по народной программе «Единой России» и нацпроекту «Демография»

13:45 - В Мурманской области «Единая Россия» организовала для школьников поездку к мемориалу «Долина Славы»

13:45 - Murmansk bölgesinde Birleşik Rusya, okul çocukları için Zafer Vadisi anıtına bir gezi düzenledi

Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктоосу

17 Ocak 2023 |
Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктоосу

 

 

 

Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгына 29 жылдын жүзү болуп олтурат. Мамлекеттин символдорунун бири болгон гербибиздин кабыл алынган күнү менен жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктайм.

Герб – бүтүндөй бир өлкөнүн өзгөчө белгиси, өз алдынча мамлекет экендигин ырастаган негизги атрибуттарынын бири.

Эчен кылымдарды башынан кечирген улуу элибиздин өзүнө тиешелүү эн тамгалары, белгилери болгон. Аны менен кат-кабарларына мөөр басып, элдүүлүгүн билдирип турган. Ошону менен катар байыркы мезгилдерде эн тамга асаба, байрактарга да түшүрүлгөн.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өз атрибуттарын – желегин, гимнин жаңылап, ал эми мамлекеттик гербин эки жылдан кийин кабыл алган. Ал Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон гербден мамлекетибиз даана таанылгандай кылып иштеп чыгуу зарылдыгынан улам созулган.

Чындыгында эле, ак түс менен кырбууланган көк алкактын ортосунда Ысык-Көлүбүз чалкып турса, ак калпагыбыздын түспөлүн берген ак чокулуу Ала-Тоодон күн нурлары чачырап тийип турат. Алдында Манас атабыздын Ак шумкары канатын жайып, эл-жерибизди коргоп тургандай элес калтырат. Бул белгилерди тегеректей, бир чети өлкөбүздүн булуң-бурчундагы молчулуктун символу катары пахта менен буудайдын сабы тартылганы өзүнчө бир керемет. Кыргызстандын негизги өзгөчөлүктөрү ыгы менен камтылган бул композицияны “Кыргыз Республикасы” деген жазуунун курчап турушу дагы ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат.

Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-калк!

Кызыл желегибиз алга сүрөгөн намысыбыз болуп, гимнибизде айкөл Манастын духу жаңырып турса, аскарлуу Ала-Тообузду, көк ирим көлүбүздү калкалап турган ак шумкарлуу гербибиз “кыргыз” деген мамлекетти дүйнөгө таанытып турган эн тамгабыз экенине ар убак сыймыктанышыбыз кажет. Арийне, сыймык менен кошо мамлекеттик белгилерибизди ар-намыс, ариетибиз менен катар коюп, бийик тута билели!

Мамлекеттик гербибиз алыс-жакында жүргөн ар бир кыргызстандык атуулдун бой тумары болсун!”

 

тогалереяны жүктөө
2023-жыл

facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button

kaynak:https://www.president.kg/kg/okujalar/24161_prezident_sadir_ghaparovdun_mamlekettik_gerbdin_kabil_alingan_kn_menen_kuttuktoosu

 

 

HABER HAKKINDA GÖRÜŞ BELİRT
İLGİLİ HABERLER
POPÜLER HABERLER
SON DAKİKA HABERLERİ